Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Эльмир Досалиев жана Руслан Шаршенбай уулу 3 күн катары менен өзгөчө кам керүү менен белек таратышты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Руслан Шаршенбай уулу жана Эльмир Досалиев Бишкек шаардык кеңешинин салтына айланып калган, Жаңы жылдык “Өзгөчө кам көрүү” марафондун алкагында борбор калаабыздын Свердлов районунун кичинекей тургундары үчүн жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Аталган райондон биринчи күнү 800дон ашык бөбөк майрамдык кечеге катышып, таттуу белектерди алышты. Андан тышкары концерттик программанын коштоосунда, "Иллюзион" оюн аянтчасында бекер ойноо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Экинчи күнү аталган депутаттар Свердлов районунда жайгашкан № 30 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоочу мектептин окуучуларына майрамдык маанай тартуулашты.

Ошондой эле, шарттарына жараша майрамдык кечеге келе албай калган Свердлов районунун кичинекей тургундарынын үйлөрүнө  белектерин жеткирип беришишти. Ошентип, 3 күндүн ичинде Эльмир Досалиев жана Руслан Шаршенбай уулу Свердлов району боюнча 1300 даана белек ар бир бөбөккө тартуулап беришти.