Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

2021-жылдын 15-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин, төраганын орун басары Токтосун Султановдун катышуусунда жана Таалайбек Сариевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү маселелерди карашты:

- Бишкек шаарынын 2021-чи жылдын бектилиген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу;

- 2021-2026-жылдарга Бишкек шаарынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү тууралуу;

- “Бишкекжылуулук” коммуналдык ишканасы республикалык бюджетинен бюджеттик кредит алуусуна макулдук берүү;

- Каттарды жана кайрылууларды кароо.

Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү бир нече чечимдерди жана тапшырмаларды кабыл алышты.