Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Жеке турмуш-тиричилик CO2 (көмүр кычкыл газы) калдыктарын азайтуу жана энергетикалык кризистин таасирин азайтуу мүмкүн

Бүгүн энергияны үнөмдөөчү чараларды ишке ашырган объектилерге пресс-тур болуп өттү. Иш-чара «Юнисон Групп» КФ, «МувГрин» КБ, «Урбан Хаб» коому, «Кыргызстандын Жашыл Альянсы» ЮЖБ, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду.
Пресс-турга энергияны үнөмдөө жаатындагы бир катар эксперттер менен катар Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев катышты. Пресс-турдун максаты - энергияны үнөмдөө үчүн жашыл технологияларды колдонуу аркылуу жеке үй чарбалары тарабынан CO2 жана PM2.5 калдыктарын азайтуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө калктын жана кызыктар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу. Пресс-турдун жүрүшүндө «таза» мештер, жылуулоо же энергиянын кайра жаралуучу булактары сыяктуу энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизген 5 объектиге барышты. 2021-2022 жылытуу мезгилинде электр энергиясын өндүрүү жана катуу отун менен камсыз кылуу маселеси курч турган. Үй чарбаларында электр менен жылытууну өчүрүү жана көмүрдүн баасын көтөрүү боюнча аргасыз чаралардын киргизилиши менен ЖӨБ органдары экономикалык жактан пайдалуу чечимдерди сунуштап, жеке сектор тарабынан абанын булганышынын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүшү керек.