Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 Screenshot kg

Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы

    2026-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/1

дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик

менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Жер участокторун натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/1 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-01-12-0014-0279, аянты 0,0176 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                            

Негиздеме-маалымкат (docx.25.7kb)

Финансылык корутунду  (1.31mb)

Юридикалык корутунду (1.28mb)