Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

kg.png

                                     Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы

    2026-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Автотранспорт каражаттарын мамлекеттик

менчикке акысыз ажыратууга

макулдук берүү жөнүндө

Колдонуудагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Тиркемеге ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы     

 

Негиздеме-маалымкат (docx.27kb)

Тиркеме (docx.21kb)

Финансылык корутунду (pdf.119kb)

Юридикалык корутунду (pdf.44kb)