Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы

  2026-жылдын «__»________

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 Бишкек шаары, Чүй проспекти, 108  жана

Киев көчөсү, 55 даректеринде жайгашкан

жер участокторун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына   ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Төмөнкү даректер боюнча жайгашкан жер участокторун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин:

-..Бишкек шаары, Чүй проспекти, 108, аянты 0,1100.га, идентификациялык коду: 1-02-03-0006-0275;

- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 55, аянты 0,049 га, идентификациялык коду: 1-02-03-0006-0148.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

Төрагасы                                                    Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf.301kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)

Финансылык корутунду (jpg.134kb)

Юридикалык корутунду (jpg .283kb)