Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «___» ______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы

№ 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо

жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

         «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке  ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

         1. Бишкек  шаардык  кеңешинин  2020-жылдын 14-январындагы    № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо  жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

         1)  преамбуласындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

         - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

          «1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

         - Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана  куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу типтүү келишими, 2-тиркемеге ылайык;

         - Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын  пайдалануу укугунда  турган жана  көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык   менчиктин  жер участокторунун наркын эсептөө методикасы, 3-тиркемеге ылайык;

         - Күрөө берүүнүн  түрүн, шарттарын аныктоо  жана күрөөгө коюлган мүлктүн  наркын  азайтуу тартиби  жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;

         - Күрөө жөнүндө  типтүү келишим, 5-тиркемеге ылайык.»;

         -  жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси  ушул токтомдун
2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 2-пункттун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

- ушул токтомдун 3, 4, 5-тиркемелерине ылайык редакциядагы 3, 4,
5-тиркемелер менен толукталсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         «Жер участогунун сатып алуу наркы «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы кабыл алынганга чейин юридикалык жана жеке жактардын  пайдалануу укугунда  турган жана  көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык   менчиктин  жер участокторунун наркын эсептөө методикасына (мындан ары – Методика) ылайык аныкталат. Жер участогунун  наркын эсептөө  көрсөтүлгөн Методикага ылайык  ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз алдынча  жүзөгө ашырылат.»;

         - 15-пункт төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

          «15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.»;

         - 17-пункт күчүн  жоготту деп таанылсын;

- 21-пункттун в-1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в-1) Методикага ылайык жер участогунун наркын эсептөө;»

         - 30-пунктта:

         биринчи абзацта  «баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчётко ылайык,» деген сөздөр алып салынсын;

экинчи абзацта  «тийиштүү буйрук» деген сөздөр «тийиштүү чечим» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 31-пунктта:

 биринчи абзацта «буйругунда» деген сөз «чечиминде» деген сөз менен алмаштырылсын;

жетинчи абзацында «Буйруктун» деген сөз «Чечимдин» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«32. Комиссиянын чечиминин негизинде ижарачы жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу орган менен жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү.

Жер участогунун сатып алуу наркын жарым-жартылай төлөөгө жол берилет. Жарым-жартылай төлөгөн учурда ижарачы, Күрөө берүүнүн  түрүн, шарттарын аныктоо  жана күрөөгө коюлган мүлктүн  наркын  азайтуу тартиби  жөнүндө жобого ылайык күрөө берүү жолу менен сатып алуу наркынын калган бөлүгүн төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

Жер участогунун сатып алуу наркынын төлөнбөгөн бөлүгүнүн суммасына күрөө берилет жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин күчүндө болот.

Жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүлгөн суммага пропорционалдуу күрөөнүн өлчөмү азайтылууга жатат.».

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын  мэринин биринчи орун басарына жана Бишкек шаарынын  мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

Төрагасы                                                     Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf.419kb)

Тиркеме 2 (docx.24kb)

Тиркеме 3 (docx.30kb)

Тиркеме 4 (docx.24kb)

Тиркеме 5 (docx.29kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.23kb)

Салыштырма таблица (docx.20kb)

Финансылык корутунду (jpg.262kb)

Юридикалык корутунду (docx.13kb)