Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

     Долбоор

     Бишкек шаарынын мэриясы

     2026-жылдын «____» ________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык

авто токтотмолордун жана авто коюучу жайлардын

 ишмердигин жөнгө салуу маселелери жөнүндө

 

         Бишкек шаарындагы авто токтотмолор жана авто коюучу жайлар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле транспорт системасы үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

         1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

         - Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолору жана авто коюучу жайлары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

         - Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн төлөмдүн өлчөмү 2-тиркемеге ылайык;

         -.төлөмдү кабыл алуу жана сааттык тариф боюнча убакытты  эсепке алуу автоматташтырылган системасы менен Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн төлөмдүн өлчөмү 3-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына чагылдырууну камсыздоо менен жарандарга жана коомчулукка кабыл алынган токтом жөнүндө маалымдасын.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы №206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы №197 «Бишкек шаарынын аймагында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө» токтому;

3) Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча, Бишкек шаарына кайра кошулган аймактарды өркүндөтүү маселелери боюнча, экономика, бюджет, каржылар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларга, ошондой эле Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешини

Төрагасы                                              Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.36kb)

Тиркеме 2 (docx.22kb)

Тиркеме 3 (docx.21kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.27kb)

Финансылык корутунду (jpg.397kb)

Юридикалык корутунду (jpg .290kb)