Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «____»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгили жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
-
2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлери кирешелер жана чыгашалар боюнча 32 873 616,8 миӊ сом суммасында бекитилсин.
2. 2027-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин төмөнкүдөй пландык параметрлери жактырылсын:
- кирешелер жана чыгашалар боюнча 2027-жылга - 36 288 510,8 миң сом суммасында, 2027-жылга - 40 354 585,8 миң сом суммасында.
2027-2028-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин пландык параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда такталууга тийиш.
3. 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгилинин киреше бөлүгү ушул токтомдун 1, 11, 12, 13-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгилинен чыгашаларды каржылоого каражаттар ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык карала тургандыгы;
- 2026-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгышаларды (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар) каржылоо жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
Каражаттарды чыгымдоо жана чыгашалардын беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;
- 2025-жылы толук каржыланбаган чыгашалар 2026-жылдын башталышындагы эркин калдыктардын эсебинен 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде компенсацияланат.
- Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 % тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.
- Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыттында пайдаланылбаган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары жергиликтүү бюджетке өндүрүп алууга жатат.
- Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди ага тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин өзгөртүү зарыл болгон учурда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.
8.. 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке 2800 сомго чейинки ай сайын үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);
- балдар музыкалык мектептеринин жаш адистеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге карата ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;
- жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчилеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге карата ай сайын 6000 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеси, «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 7 000 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин социалдык кызматкерлеринин эмгек акысына
1 кызматкерге ай сайын 7 000 сом эсебинде үстөк акы; - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин, «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык районунун Чоң-Арык айылы муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;
- материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын 2000 сомдон үстөк акы;
- райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-эсептик персоналдарынын эмгек акыларына
1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы; - билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;
- Бишкек шаарынын мэриясыны Социалдык өнүктүрүү департаментинин Наристелер сүтканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын төмөнкүдөй үстөк акылар:
орто жана башка персоналга - бир ставкага 7000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 7000 сомдон көп эмес;
кенже персоналга - бир ставкага 7000 сом эсебинде, бирок кызматкерге 7000 сомдон көп эмес;
кенже медициналык персоналга - бир ставкага 7000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 7000 сомдон көп эмес;
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин Наристелер сүтканасынын адистештирилген транспорт каражаттарынын айдоочуларына балдардын сүт азыктарын ташуу үчүн - бир ставкага 7000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 7000 сомдон көп эмес;
11) Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык профилактикалык дезинфекциялоо станциясынын кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын төмөнкүдөй үстөк акылар:
орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон көп эмес;
кенже персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;
12) Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин медициналык-педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1500 сом эсебинде үстөк акы;
13) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен ай сайын 100 % өлчөмүндө үстөк акы;
14) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратын, Бишкек шаардык кеңешин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн тейлеп иштеген кенже тейлөөчү кызматкерлердин жана техникалык персоналдын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен 200 % өлчөмүндө ай сайын дем берүүчү төлөмдөр, мында төмөнкү башкы бухгалтерлер кошулбайт:
- администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн башкы бухгалтерлери, аларга жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 170% өлчөмүндө көбөйтүлөт;
- муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башкы бухгалтерлери, аларга жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 150% өлчөмүндө көбөйтүлөт;
15) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратын, Бишкек шаардык кеңешин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн тейлеп иштеген кенже тейлөөчү кызматкерлерге жана техникалык персоналга жарым жылдык жана жылдык иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча сый акы (жыл сайын сый акыга эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражаттар багытталат).
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кенже тейлөөчү жана техникалык персоналдар, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлери үчүн өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды эсептөөдө эсепке алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнүүчү (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрүндө иштеген күндөр алып салынат) төмөнкүдөй компенсациялык суммалар белгиленсин:
- кызматтык же кезметтик автомобиль бекитилип берилген тейлөөчү персоналды кошпогондо, транспорттук чыгымдар үчүн - айына 2000 сом өлчөмүндө;
- тамактануу үчүн - айына 5000 сом өлчөмүндө.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактанууга төмөнкү ченемдер белгиленсин:
- акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 120 сом, балдар сутка бою болгон топтордо - 120 сом;
- жеңилдик берилген категориядагы балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:
- 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;
- 3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;
- кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 150 сом;
- жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5-7-класстагы окуучулары үчүн - 22 сом;
- жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын балдар- окуучулары үчүн - 22 сом;
- жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар-окуучулар үчүн - 36 сом;
- «Акниет» турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда жана Октябрь районунун № 71 орто мектеп-интернатындагы интернат топторунда жана № 1 гимназия-интернатында - 220 сом;
- «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбордо - 120 сом;
- жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 120 сом;
- Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда -
200 сом; - «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде - 200 сом;
- белгилүү жашаган жери жок адамдарды тамактандырууга – 70 сом;
- мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 145 сом.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:
- «Акниет» турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда - 12,80 сомго чейин;
- «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда - 5,00 сомго чейин;
- «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 12,50 сом;
- белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн - 12,50 сомго чейин.
- 2026-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:
- «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;
- Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун кызматкерлеринин 70,0 штаттык бирдигин күтүүгө;
- Ленин, Октябрь райондорунун эки кечки жалпы билим берүү мектебин күтүүгө;
- Бишкек шаарынын «SOS-Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, SOS-Бишкек шаарынын балдар айылы бала бакчасынын чыгашаларын төлөөгө;
- «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашаларын төлөөгө;
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгашаларын төлөөгө;
- Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык жана инженердик инфратүзүмдөр, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого, жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;
- калктын социалдык жактан аялуу катмарынын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробация жүргүзүү алкагында ваучер алган балдардын тамактануусуна 120 (бир жүз жыйырма) сом өлчөмүндө жеңилдиктерди төлөөгө;
- «Кут», «Дача-Су», «Учкун», «Учкун-2» конуштарынын балдарын Чүй областынын Сокулук районунун «Манас» конушундагы Ат-Башы орто мектебине, «Бугу Эне багыш» конушунан С. Чокморов атындагы айыл аймагындагы Аманат атындагы жалпы билим берүү мектебине, «Лесхоз» конушунан Маевка айылындагы № 107 жалпы билим берүү мектебине, «Алтын-Казык» конушунан «Калыс-Ордо» конушундагы
№ 86 жалпы билим берүү мектебине ташууну уюштурууга; - Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;
- балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктар үчүн айына 200 литрден бензин сатып алууга;
- райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө.
- Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамак-аш үчүн акы төлөө, атайын эсепте администрациялоо менен ата-энелердин төгүмдөрүнүн эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин:
3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 100 сом;
3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 120 сом.
- Кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, аксакалдар сотторунун төрагалары үчүн келишимдик негизде акы төлөө ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык белгиленсин.
- Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.
- Бишкек шаарынын мэриясынын Мобилизациялык резервинин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык белгиленсин.
- Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу «Алтын-Булак» пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5, 6, тиркемелерине ылайык белгиленсин.
- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү ушул токтомдун
7-тиркемесине ылайык жактырылсын. - 2026-жылдын башталышына карата эркин калдыктардын каражаттарынын эсебинен чыгашаларды ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.
- Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларын багыттоо ушул токтомдун
9-тиркемесине ылайык бекитилсин. - Бишкек шаарынын мэри «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
18-беренесине ылайык жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин. - Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.70kb)
Финансылык корутунду (pdf.184kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

