
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, № 37/2, 37/6, 37/7 дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик
менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 1015-т тескемесин ишке ашыруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, № 37/2, 37/6, 37/7 дарегинде жайгашкан идентификациялык коддору: 1-04-13-0033-0135, 1-04-13-0033-0136, 1-04-13-0033-0137, аянты 0,72 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)
Финансылык корутунду (pdf.1317kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

