Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60               “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин         регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

                           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60“Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун тиркемесине төмөнкү толуктоолор киргизилсин: 53-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Рыноктук ижара акысы менен мүлктүк комплекстерге (сейилбак) ижаралоо келишими 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.”; 55-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Комиссия, мүлктүк комплекстин (сейилбак) ижарачысынын арызына ылайык, ижара келишиминин мөөнөтүн бирдей мөөнөткө узартууга укуктуу, бул учурда ижара акысынын наркы акыркы 5 жылдын инфляциясына ылайык көтөрүлүүгө тийиш; ошондой эле ижарачы 10 жылдан 15 жылга чейинки узартуу мөөнөтүнө ижара акысын аванс түрүндө төлөөгө даяр болсо ижарачыга келишиминин мөөнөтүн инфляцияны эсепке албай жана жалпысынан ижара акысын жогорулатпай 10 жылдан 15 жылга узарта алат.”.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
     
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
     
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                   Б. Б. Усеналиев

 

                                                                                                                  

“Адилет” фракциясынын

лидеринин орун басары                                                           Э. Бахтияров

 

 

Негиздеме-маалымкат (docx.17kb)

Салыштырма таблица (docx.15kb)