Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы
№ 150 «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү
эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин өркүндөтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринде:
- 59-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Бишкек шаарынын аймагында өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке турак үйлөрдүн, көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлери КТКны саат 18:00дөн саат 24:00гө чейин алып чыгууга милдеттүү.»;
- 67-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Контейнердик аянтчаларга жана аларга түздөн түз жакын аймактарга таштандыны (күл, дарактардын бутактары, кургак чөп жана башка буюмдар) таштоого жана үйүп салууга тыюу салынат.».
- 77-пунктунда «кум» деген сөздөн кийин «, реагенттерди» деген сөз менен толукталсын.
- 162-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«162. Топуракты, таштандыны, чачылма курулуш материалдарын, жеңил тараларды, жалбырактарды, чөп чабындыларын, күлдү, бактардын таарындыларын брезент же жолду булгаганга жол бербеген башка материалдар менен жаппай туруп ташууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын аймагында 07:00дөн 10:00гө чейинки эртең мененки кыймыл күчөгөн сааттарда N2, N3 категориядагы жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана O2, O3 жана O4 категориядагы прицептердин кыймылына тыюу салынат. Товарларды жана жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү атайын бөлүнгөн аянтчаларда жүргүзүлүшү керек, эгерде алар соода жайларында болсо, кыймылга тоскоолдук кылбоого тийиш. Азык-түлүк коопсуздук деңгээлин баалоо үчүн негизги продукт болуп саналган товарларды, тез бузулуучу товарларды, тамак-аш продукциясынын товарларын жана медициналык товарларды, ошондой эле атайын кызматтардын (өрт кызматы, медициналык тез жардам, авариялык- куткаруу кызматы, укук коргоо органдары, коммуналдык, муниципалдык, мамлекеттик кызматтар, куралдуу күчтөрдүн транспорттук каражаттары жана коопсуздукту, тартипти жана шаардын жашоо-тиричилигин камсыздаган башка кызматтар) товарларын жана жүктөрүн ташыган транспорт каражаттарына гана тыюу салынбайт. Соода тармактарына кирген жана атайын бөлүнгөн аянтчалары бар соода түйүндөрүнө товарларды жеткирүү, ушул пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөрдү эске албастан жүргүзүлөт.».
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Салыштырма таблица (docx.24kb)
Негиздеме-маалымкат (docx.32kb)
Финансылык корутунду (pdf.288kb)
Юридикалык корутунду (pdf .275kb)
Аналитикалык кат (pdf. 6345kb)