Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «__»________

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун

чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун чек араларынын схемалык карталары ушул токтомдун 1-4-тиркемелерине ылайык;

- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун чек араларынын баяндамасы ушул токтомдун 5-8-тиркемелерине ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                               Б.Б. Усеналиев

Негиздеме-маалымкат (docx.2 221kb)
Финансылык корутунду (pdf.520kb)
Юридикалык корутунду (pdf .498kb)
Тиркеме 1 (pdf.847kb)
​​​​​​​Тиркеме 2 (pdf.514kb)
​​​​​​​Тиркеме 3 (pdf.838kb)
​​​​​​​Тиркеме 4 (pdf.207kb)
Тиркеме 5 (docx.39kb)