Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «__»________

Бишкек шаардык кеңешинин токтому

Оюн-зоок сейил багынын долбоорун жана кошумча ижарага берилүүгө тийиш болгон объекттердин өзгөчө тизмегин макулдашуу жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 28 «Бишкек шаарында көңүл ачуу сейилбагын куруу жана иштетүү маселелери жөнүндө» токтомун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

  1. Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок сейил багынын долбоору жана кошумча ижарага берилүүгө тийиш болгон объекттердин өзгөчө тизмеги тиркемеге ылайык макулдашылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы

 

Тиркеме (pdf.4696kb)
Маалымкат негиздеме (docx.23kb)
Финансылык корутунду (docx.31kb)
Юридикалык корутунду (docx.17kb)