Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                             

    Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» _______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы  № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын  ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесин аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 66 дарегинде жайгашкан,идентификациялык коду 1-02-02-0024-0060, жалпы аянты 576,7 чарчы метр, баланстык наркы 561 700 (беш жүз алтымыш бир миң) сом, калдык наркы 32 868 (отуз эки миң сегиз жүз алтымыш сегиз) сомтурак эмес жайды жалпы аянты 0,275 га жер участогу менен ипотекалык турак жай куруу үчүн

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы          

Маалымкат-негиздеме (docx. 23kb)
Финансылык корутунду (docx. 43kb)
Юридикалык корутунду (docx. 16kb)