Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2024-жылдын 23-майындагы БШКнын
ТЖКЧ, ОЭК, транспорт, коммуникациялар жана
экология боюнча туруктуу комиссиясынын

ДОЛБООРУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

“Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы №67 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

         Өндүрүү жана керектөө таштандыларын түзүү жана керектөө, ташуу жана көмүү процессинде пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында катуу тиричилик  калдыктарын  ташып чыгаруу боюнча коммуналдык кызматтар чөйрөсүндө өнүгүүгө шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы №67 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1-пункт:
төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын:

“атайын техникасы бар катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү компаниялар үчүн Бишкек санитардык полигонго катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн 1,0 куб.м үчүн 81 сом өлчөмүндө”;

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

“өзүнүн автотранспортунда катуу тиричилик калдыктарын өз алдынча ташып чыгаруу менен алектенүүчү уюмдар, ишканалар жана мекемелер үчүн катуу тиричилик калдыктарын көмүүгө кызматтар үчүн 1 тоннага 445,0 сом өлчөмүндө”;

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология  боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэри А. Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

маалымкат-негиздеме (pdf. 1307kb)