Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__»________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

«Электр станциялары» ААКнын филиалдары – Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун жана «Бишкекжылуулуктармагынын» мүлк комплекстерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 ПЖ «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. «Электр станциялары» ААКнын филиалдары – Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр проспекти, 108) жана «Бишкекжылуулуктармагынын» (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 2/1) мүлк комплекстерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

маалымкат-негиздеме (docx. 21kb)
финансылык корутунду (docx. 39kb)
юридикалык корутунду (docx. 19kb)