Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» _______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Жүргүнчү ташуучу автобустарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына транспорттук тейлөөнү жакшыртууда көмөк көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-статьяларына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына андан ары төмөнкүлөргө өткөрүп берүү үчүн автобустарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (мамлекеттик менчикке)  акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берилсин:

- Токмок шаарынын мэриясына 7 (жети) бирдик жүргүнчү ташуучу автобусун 1-тиркемеге ылайык;

- Балыкчы шаарынын мэриясына 6 (алты) бирдик жүргүнчү ташуучу автобусун 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы            

маалымкат-негиздеме (docx. 25 kb)
финансылык корутунду (pdf. 605 kb)
юридикалык корутунду (pdf. 490 kb)
Письмо Токмок (pdf. 1241 kb)
Письмо Балыкчи (pdf. 312 kb)