ДОЛБООР
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ж. Дж. Шамыралиевдин жасаган иши жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренсине , Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын тургундарынын Бишкек шаарынын мэриясынын муницицпалдык ишканаларынын канааттандыраарлык эмес ишине көптөгөн даттанууларын белгилеп, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ж. Дж. Шамыралиевдин жасаган иши жөнүндө отчету эске алынсын.
2. 2023-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ж. Дж. Шамыралиевдин жасаган иши жөнүндө отчету ____________ деп табылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте карасын жана төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
Бишкек шаарынын жашыл фондун, шаарда экологиялык жагдайды, шаардык аймактардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу,;
Бишкек шаарынын питомнигинин аймагын чоңойтуу;
Бишкек шаарынын аймагында гүлбакчаларды жана сейилбактарды куруу;
Бишкек шаарынын ирригациялык тармактарын куруу жана калыбына келтирүү (ремонттоо);
Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализациялык тармактарын куруу жана реконструкциялоо;
натыйжалуу башкарууну, керектөөчүлөргө кызматтарды сапаттуу көрсөтүүнү, ошондой эле “Тазалык” муниципалдык ишщканасынын милдеттерин жана функцияларын чечүүнү камсыздоо;
“Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” ӨжРЕБнын долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашыруу.
4. Көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэри А. Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы