Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жылдын 12 айында “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын жасаган иши жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т. Джумалиевдин 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчетун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т. Джумалиевдин 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчету эске алынсын.

2. “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т. Джумалиевдин 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчету____________ табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте төмөнкүлөр боюнча  карап чыксын жана чара көрсүн:

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы №65 “РӨЕБ тарабынан каржылануучу "Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу тууралуу" отчет жөнүндө” токтомдун аткарылышы боюнча;

Бишкек санитардык полигондун аймагында мыйзамсыз таштанды чогултуучулар боюнча.

4. Көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.                                      

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

отчету (pdf.359kb)
маалымкат-негиздеме (docx.16 kb)