Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

Долбоор
 

                    БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12 айында “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын жасаган иши жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т. Доулбековдун отчетун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т. Доулбековдун 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө  отчету эске алынсын.

2. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т. Доулбековдун 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчету____________ табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте төмөнкүлөр боюнча карап чыксын жана чара көрсүн:

питомниктердин бош аймактарын жана оранжерея участокторун рациоаналдуу жана натыйжалуу пайдалануу;

Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы №45 "2017-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү" Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу;

сугат тутумун жакшыртуу, бургулоо жана сугаруу скважиналарын реабилитациялоо.

4. Көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

отчету (pdf. 1402kb)
маалымкат-негиздеме (docx. 16kb)