Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

                                                                                 Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «_» _________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

«Бишкексельмаш» отканасын мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасын энергетикалык кризистен чыгарууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Бишкек шаарынын калкынын жылуулук жабдууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы  № 378 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын
29-декабрындагы № 05-4/10326 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат: 

 

1. Бишкек шаары, Фучик көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2,86 га жер участогу менен идентификациалык коду: 1-01-02-0009-0543 «Бишкексельмаш» отканасын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүп берүүнү жүзөгө ашырсын;

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселесин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                            

 

маалымкат-негиздеме (docx.22 kb)
финансылык корутунду (docx. 30 kb)
юридикалык корутунду (pdf. 215kb)