Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                       Долбоор

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеӊешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү маселелерин жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин  2007-жылдын 9-июлундагы  № 339

«Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:

  • 6-пункттун экинчи абзацында  «вице-мэри» деген сөздөр «мэринин орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
  • 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Мурда кабыл алынган чечимдер кайра каралган учурда,  комиссиянын катчылыгына арыз менен бирге төмөндөгү документтер берилет:

а) эгерде мурда кабыл алынган токтомдордо жер участогунун номери жана/же аянты бөлүгүндө, ошондой эле конуштун аталышында жаңылыш жазуулар, каталар, ачык арифметикалык каталар кетирилген учурда:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин архивдик көчүрмөсү;

- архитектура-курулуш иш-аракеттери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер участогунун курулуш чиймесинде бар экендиги боюнча жер участогунун номери жана аянты көрсөтүлгөн маалым каты;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын менчик укугун каттоо жөнүндө, ошондой эле жер участогуна тоскоолдуктардын бар же жок экендиги боюнча маалыматы.

б) эгерде мурда кабыл алынган токтомдордо жер участогу берилген  жактын аты-жөнүн жазууда жаңылыш жазуулар, каталар кетирилген учурда:

паспорттун көчүрмөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин  архивдик көчүрмөсү.»;

- 12-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет, ал комиссиянын катчысы, төрагасы жана комиссиянын жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат.»;

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

- 13-пункттун үчүнчү абзацында «(анын ичинде протоколдун бир нускасы)» деген сөздөр алып салынсын.

           2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

            3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча  орун басарына жүктөлсүн.

 

                                                                                    

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                  К.К. Конгантиев

 

маалымкат-негиздеме (doc. 26 kb)

салыштырма таблица (doc. 21 kb)

финансылык корутунду жана юридикалык корутунду (pdf. 1609 kb)