Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР


БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык

 башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализациянын) тутумдарынын ишин камсыздоо, насостук-энергетикалык жабдууларды модернизациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарын өз убагында жана техникалык тейлөөнү, керектөөчүлөргө коопсуздук стандарттарына жана гигиеналык талаптарга ылайык келген сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну жана суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүүнү тийиштүү зарыл деңгээлде кармоо, ошондой эле финансылык милдеттемелерди аткаруу максатында Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1-февралынан тартып төмөнкү тарифтер бекитилсин:

- суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, 1-тиркемеге ылайык;

- көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө,
2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 «Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 «Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                            К.К. Конгантиев

 

 

маалымкат-негиздеме (doc.33 kb)

 

финансылык корутунду (doc. 33 kb)

юридикалык корутунду (pdf. 1137 kb)

салыштырма таблица (doc. 15 kb)

АРВ (pdf. 1479 kb)

Буйрук 1 (pdf. 445 kb)

Буйрук 23 (pdf. 652 kb)