Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2022-жылдын «__»________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын аймагында тышкы көрктөндүрүү, жолдорду, бак-дарактарды күтүү чөйрөсүндө ченемдерди жана талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракетер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеӊешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 77 «Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К.К. Конгантиев

 

 

маалымкат-негиздеме (doc. 24 kb)

финансылык корутунду (doc. 16 kb)

юридикалык корутунду (doc. 15 kb)