Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

        2022-жылдын «___»____________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарындагы жаңы сейил бакка  «Байтик Баатыр Канай уулу» сейил багы» аталышын берүү жөнүндө

 

Шаардыктардын жана борбор шаардын меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин 2022-жылдын 16-июнундагы  № 18-2545 «Тарыхый инсан Байтик Канай уулунун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө» протоколун, Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2022-жылдын 29-июлундагы № 3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы сейил бакка «Байтик Баатыр Канай уулу» сейил багы» аталышы тиркелген чиймеге ылайык берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы

 

маалымкат-негиздеме (doc.22 kb)

юридикалык корутунду (doc. 16 Кб)

финансылык корутунду (doc. 14 Кб)

чогулуштун протоколу (pdf. 528Kb) 

комиссиянын протокол (pdf. 590Kb)

парктын схемасы (pdf. 149Kb)