Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 2021-ж. 26-октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 31-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 токтомуна ылайык, жылуулук менен жабдуучу ишканаларга субсидияларды берүүгө багытталган бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Калктын муктаждыктары үчүн жылуулук энергиясын алууга кайрылган  арыз ээлерине  “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жылуулук жабдуучу инженердик тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды берүүгө 2 жылдык мөөнөткө чектөө киргизилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Р.А. Аматов) жана турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Ш. Сазыкуловго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                К.К. Конгантиев

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 21 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 20 Кб)