Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-мартындагы № 93 “2019-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  1. 1-пункттагы “8 611 793,7”, “4 763 066,2”, “1 015 258,9”, “939 615,2”, “915 574,9”, “978 278,5” деген цифралар тийиштүү “8 766 796,3”, “4 752 668,9”, “1 054 674,1”, “983 572,6”, “956 500,7”, “1 019 380,0” деген цифралар менен алмаштырылсын;
  2. жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
  3. жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2, 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2, 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.
  1. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  2. 12-пункттун 7-пунктчанын бешинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“2019-жылдын 1-июлунан тартып бул органдардын кенже жана техникалык тейлөө персоналына 5000 сомдон”;

  1. 15-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“жана 2019-жылдын 1-июлунан тартып “ЧГЕШ – Еврей мектеби” окуу-тарбия борбору” мекемеси.

  1. Төмөнкү мазмундагы 20-1 пункт менен толукталсын:

“20-1. Жалпы билим берүү уюмдарындагы аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерине айына 6 000 сом суммадагы кызматтык айлык акы белгиленсин”.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына  жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                             Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

-Бишкек шаарынын 2019-жылга өзгөртүүлөрдүн көрсөткүчтөрү (xlxs 213Кб )

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин акыркы токтомдорун инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, иштөө мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын өзгөргөндүгүн эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2001-жылдын 6-июлундагы № 71 “Бишкек шаарында шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө”;

2001-жылдын 26-сентябрындагы № 39 “Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын иши жөнүндө”;

2002-жылдын 31-январындагы № 103 “Бишкек шаарында жаратылышты коргоо жана жер мыйзамдарынын бузуулары жөнүндө”;

2003-жылдын 19-мартындагы № 171 “Бишкек шаарынын Генералдык планын иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө”;

1996-жылдын 26-июлундагы № 60 “Шаардык администрациянын      1993-жылдын 11-мартындагы № 284 “ Бишкек шаарынын ишканалар жана уюмдар тарабынан курулган үйлөрдөгү турак аянттардын бөлүгүн күтүү тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 1995-жылдын 16-октябрындагы № 145 “Бишкек шаарынын ишканалары тарабынан курулган үйлөрдөгү  турак аянттардын бөлүгүн күтүү тартиби жана коммуналдык чарбанын объекттерине каражат бөлүү жөнүндө” токтомунун  укуктуулугу жөнүндө”;

2000-жылдын 8-ноябрындагы № 47 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 1998-жылдын 30-июнундагы № 119 “Бишкек шаарында жер пайдалануу үчүн төлөмдөрдү эсептөө жана алуу жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомду жокко чыгаруу жөнүндө”;

2001-жылдын 10-октябрындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 402 “Бишкек шаарындагы жер участокторго менчик укуктарды сатуу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жөнүндө”;

2002-жылдын 22-майындагы № 125 “2004-жылга чейин Бишкек шаарынын коммуналдык менчигин башкаруу концепциясы жөнүндө”;

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин президиумунун 2006-жылдын 04-майындагы № 17 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" №189 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору тууралу” токтому;

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 19-февралындагы № 422 “Мурда ижаралык пайдаланууга бөлүнгөн жер участокторду төлөп кайтарып алуу процессин стимулдаштыруу жөнүндө” токтому;

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 21-февралындагы № 426 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 7-декабрындагы № 147 “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жерлеринен юридикалык жана жеке жактарга жер участогуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

2009-жылдын 4-февралындагы № 37 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги №170 “Бишкек шаарындагы жер участокторго менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2010-жылдын 3-декабрындагы № 200 “Бишкек шаардык кеңештин     2009-жылдын 4-февралындагы № 36 “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 226 “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ченемдик укуктук базаны жакшыртуу боюнча сунуш киргизсин.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                    Ж. Б. Абиров

 

Бишкек шаарынын шаар курулушун өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын    21-ноябрындагы № 805 “2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландаштыруу долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы Жибек-Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр, Иса Ахунбаев, Дооронбек Садырбаев жана Юлиус Фучик көчөлөрү менен чектелген аймакта долбоор алдындагы уруксат кылуучу документтерди даярдоодо, курулуш долбоорлорун макулдашууда жана объекттерди курууда, Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу пландаштыруу долбоорун жетекчиликке алсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Бишкек шаарынын аймагынын калган бөлүгүнө деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча Бишкек шаардык кеңешине сунуш киргизсин;

- бекитилген деталдуу пландаштыруу долбоорлорунун чектеринен сырткары жайгашкан кызыл маселесин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;

- 2020-жылдын 1-февралына чейин шаардык бюджеттин каражаттарынан деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгууга чыгымдалган“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы аркылуу каражаттардын ордун толтуруу механизмин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар куруу жана архитектура  маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Б. Абиров

Приложение (PDF 65 Мб)

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобо;

2-тиркемеге ылайык, кошумча макулдашуу;

3-тиркемеге ылайык, жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу жөнүндө шаар куруу корутундусунун формасы.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин:

Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин;

муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын.

3. Ушул токтом Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелери белгиленген тартипте бекитилгенден жана күчүнө киргенден  кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу  жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик боюнча маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                  Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализациянын) шаардык системасынын иштөөсүн, соркыскыч-энергетикалык жабдыктарды модернизациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну камсыздоо, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү, ошондой эле финансылык милдеттерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 15-ноябрынан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы №146 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңештин төрагасы                               Ж. Б. Абиров

24-октябрь 2019-ж.