Бүгүн, 2018-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык кеңеш жана Пекин шаарынын эл өкүлдөр чогулушунун (Кытай Эл Республикасы) ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттешүү жөнүндө протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Протокол 2002-жылдын 24-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакын коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге таянуу менен, өз ара түшүнүшүү жана достукту тереңдетүү, ошондой эле байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Кара жыгач токоюнда” аткарылып жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жүрүп жаткан жумуштар жана келечек пландар менен Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрация башчысы Самарбек Болотбеков тааныштырды.
Учурда токойчонун реконструкциясы боюнча иштин бир бөлүгү аяктаган: сыртты жарыктандыруучу светодиоддук чырактары менен 66 түркүк, видеокөзөмөлдөөчү 20 камера, 14 Wi-Fi точка, темир-бетон лотоктор, түтүктөр, арык блоктору орнотулган, 2662 чарчы метр жерде асфальтбетон жабуусу алмаштырылган, 2262 чарчы метр жерде брусчатка төшөлгөн, көлөкө түшүрүүчү чатырчасы бар отургучтар, урналар жана сахнанын металл каркасы даярдалган.
Администрация башчы Самарбек Болотбековдун айтымында жумуштар иштелип чыккан планга ылайык аткарылууда.
Шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев ремонт жасалып жаткан бардык участокторду кыдырып, бактардын, Комсомол жана Пионер көлдөрүнүн абалын көрүп, токойчодо эс алып жаткан балдар, “Аркан токойго” келген экстримди сүйүүчүлөр менен баарлашып, аларга жайкы эс алуунун көңүлдүү өтүшүн каалады.
Бүгүнкү күндө 1881-жылы А. И. Фетисов тарабынан негизделип, 128,34 га аянтты түзгөн токойчонун 80,0 га аянтында реконструкциялоо иштери жүрүп жатканыдыгын кошумчалап кетүү зарыл. Бардык иштер 30 миллиондон ашык сумманы түзмөкчү.

Балалык – бул адамдын өмүрүнүн эң сыйкырдуу, эң бактылуу жана эң сүйүктүү мезгили десем туура болор. Эң кубанычтуу жана түйшүксүз учур.

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча “Беш-Сары” спорт клубунун биринчилиги үчүн эл аралык турнир болуп өттү. Турнирге Кыргыз Республикасынын жети областынан келген уландар катышты.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын тобу турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамы менен “Тазалык” МИси жана “Бишкек санитардык полигон” МИсинин ишмердиги менен жерине барып таанышышты.