Опубликовано 13.04.2026
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-мартында № 96
«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жыл үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:
- Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери – Джумагулов Мурат Джумагуловичке;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III, V, VI чакырылыштарынын депутаты, «Даңк» медалы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, коомдук ишмери – Нышанов Сайдулла Канболотовичке;
3) Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын эркин күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги, «Тайманбас» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин башкы машыктыруучусу – Усенканов Анарбек Адыбаевичке;
4) Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин химиялык инженерия бөлүмүнүн профессору – Боркоев Бакыт Маметисаковичке;
5) Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган – Изабеков Чынарбек Корчубековичке;
6) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган – Турусбекова Кульсара Султановнага;
7) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер, Муниципалдык кызматтын отличниги, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган – Керимбаева Джыпар Абдыралиевнага;
8) III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, 1995-жылдан 2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, «Кыргызстан элинин Ассамблеясы» юридикалык жактар бирикмесинин кеңешинин төрагасы – Матубраимов Алмамбетке;
9) Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын грамотасы менен сыйланган - Суюндуков Артыкпай Айталиевичке;
10) «Эрдик» медалы менен сыйланган, милициянын генерал-майору – Курманкулов Самат Ажыгуловичке;
11) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, социалдык коргоонун отличниги, Бишкек шаарынын «Ардагер» Геронтологиялык борборунун директору – Майтиков Турман Керимовичке;
12) III, II даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери, 2-класстагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги – Алымкулов Карыпбекке.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 «Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, күбөлүгүнүн жана Бишкек шаарынын ардактуу жарандарынын Китебинин жоболорун жана баяндоолорун бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган адамдарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын белгилерин, ардак грамоталарын, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

