Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.                  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

                      2025-жылдын 25-июну № 40

 

 

Бишкек шаарынын мэринин орун басары В. А. Мозгачеванын социалдык блок боюнча 2024-жылдагы жана 2025-жылдын

I кварталындагы отчету тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын мэринин орун басары В. А. Мозгачеванын социалдык блок боюнча  2024-жылдагы жана 2025-жылдын I кварталындагы отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

 

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэринин орун басары В. А. Мозгачеванын социалдык блок боюнча 2024-жылдагы жана 2025-жылдын I кварталындагы отчету эске алынсын.

 

2. Ушул    токтом    каттоодон    өткөрүлсүн    жана     Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Бишкек  шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине  (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев