14.04.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-мартындагы № 19
«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 26-февралындагы №2 протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жыл үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:
- Аскаров Алик Бакеевич - Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору;
- Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Сурапбаев Таалайбек Каримжанович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарды жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Досиев Эдик Шарипович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;
- Чепеев Калыбек Чепеевич - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;
- Абдиев Бактыбек Кемелович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкери, Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII чакырылыштарынын депутаты;
- Досалиев Эльмир Акуналыевич - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;
- Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- Исаков Марат Абдымажимович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү;
- Рыскулов Эмиль Рысалиевич - Бишкек шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын депутаты, Бажы кызматынын отличниги;
- Давлянов Дамирбек Тайырбекович - милициянын полковниги, укук коргоо органдарынын пенсионери;
- Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын эл акыны;
- Сырдыбаев Улан Муратбаевич - «Нурсан» ЖЧКсынын башкы директору.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 «Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, бул наамга татыктуу болгон адамдарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын белгилерин, ардак грамоталарын, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев