14.04.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-мартындагы № 18
Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик
объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга
макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын
Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктары Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилсин.
- Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченем жаратуу ыйгарым укуктары ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде колдонулары белгиленсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында карызы жок, түйшүккө салынбаган (чектелбеген) жана соттук талаштын жүйөсү болбогон мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алсын. Карызы бар, түйшүккө салынган (чектелген) жана соттук талаштын жүйөсү болгон объекттер боюнча маселелер Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына муниципалдык менчикке кабыл алынган мамлекеттик менчик объекттери боюнча маалыматты квартал сайын берип турсун.
- Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев