Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 17

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Жергликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Алымкулова Каныкей Законбековна - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү чыгарылсын.

2. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Алымкулова Каныкей Законбековна - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү киргизилсин.

3.     Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

        а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-сап менен толукталсын:

«13. Алымкулова Каныкей Законбековна – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү»;

         б) 3-пункттун 4-сабы алынып салынсын.

4.  Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                            Б. Усеналиев