Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 14

 

2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана            39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 23 009 946,6 миӊ сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

11 339 832,4 миң сом – шаардык бюджет;

3 373 824,1 миң сом – Ленин администрациялык районунун бюджети;

2 746 071,5 миң сом – Октябрь  администрациялык районунун бюджети;

2 837 178,8 миӊ сом – Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

2 713 039,8 миӊ сом – Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. 2026-2027-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин төмөнкүдөй пландык параметрлери жактырылсын:

кирешелер жана чыгашалар боюнча 2026-жылга - 25 316 187,4 миң сом суммасында, 2027-жылга - 27 457 986,6 миң сом суммасында.

2026-2027-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин пландык параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда такталууга тийиш.

3. 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили ушул токтомдун 1, 1¹, 1²,                          1³-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү аныкталсын.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

  1. 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилин каржылоого каражаттар ушул токтомдун 2 жана 2¹-тиркемелерине ылайык карала тургандыгы;
  2. 2025-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгышаларды (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар) каржылоо жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекемелерде бош орундарынын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

Каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;

  1. 2024-жылы толук каржыланбаган чыгашалар 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде компенсацияланат.

5. Бишкек шаары боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2025-жылдын 1-январына карата 10 000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча - 6 000,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча - 1 000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

6. 2025-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүдөй бекитилсин:

  1. салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы,  патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасында иш-аракетке салык, кыймылсыз мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

Ленин администрациялык районуна – 65,3%;

Октябрь администрациялык районуна – 51,8%;

Биринчи май администрациялык районуна – 29,0%;

Свердлов администрациялык районуна – 48,2%;

  1. роялти боюнча - 50,0 % администрациялык райондорго;
  2. бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы боюнча, башка салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандык үчүн ижара төлөмү, мүлк ижарасы үчүн акы төлөө, авто токтотмо жана автотранспорт коюу үчүн жыйым, алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым, башка салыктык эмес кирешелер боюнча, административдик айып пулдар боюнча, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча – 100 % шаардык бюджетке;
  3.  жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр – 100 % тийиштүү администрациялык райондордун бюджетине;

5) активдер жана милдеттенмелер боюнча:

Ленин администрациялык районуна – 25,0 %;

Октябрь администрациялык районуна – 25,0 %;

Биринчи май администрациялык районуна – 25,0%;

Свердлов администрациялык районуна – 25,0 %.

7..Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 % тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

8..Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу эмес багытта  пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

9..Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү ага тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин зарыл болгон учурда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.

10.. 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:

  1. жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке                 2800 сомго чейинки ай сайын үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);
  2. балдар музыкалык мектептеринин жаш адистеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге карата ай сайын 500 эсебинде үстөк акы;
  3. жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерге айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын –    6 000 сом эсебинде үстөк акы;
  4. карылар үйүнүн, «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана Бишкек шаарынын «Ардагер»  геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун,  Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк  зомбулуктан жабыр тарткан балалуу аялдарга жардам борбору»  муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын – 1 650 сом эсебинде үстөк акы;
  5. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин социалдык кызматкерлеринин айлык акысына                   1 кызматкерге ай сайын – 7 000 сом эсебинде үстөк акы;
  6.  Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин, «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык  районунун Чоң-Арык айылы муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын эмгек акысына 1 кызматкерге ай сайын  – 5000 сом эсебинде үстөк акы;
  7. материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын  – 2000 сомдон үстөк акы;
  8. райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-эсептик персоналдарынын эмгек акыларына             1 кызматкерге ай сайын  – 500 сом эсебинде үстөк акы;
  9. билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча уюмдардын башка кызматкерлеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын – 1000 сом эсебинде үстөк акы;
  10. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык балдар сүт ашканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Профилактикалык дезинфекциялоо боюнча шаардык дезинфекциялык станциясынын кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын төмөнкүдөй үстөк акылар:

орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон көп эмес;

кенже персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок                         1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;

кенже медициналык персоналга  бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон көп эмес;

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык балдар сүт ашканасынын адистештирилген транспорт каражаттарынын айдоочуларына балдар сүт азыктарын ташуу үчүн бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок                                    1 кызматкерге 2000 сомдон көп эмес;

  1.  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин медициналык-педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын – 1500 сом эсебинде үстөк акы;
  2.  Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттен ай сайын 100 % өлчөмүндө үстөк акы;
  3. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн тейлеп иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын  кызматкерлеринин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына 100 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр;
  1.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдар, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлери үчүн өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды эсептөөдө эске алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнүүчү (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрүндө иштеген күндөр алып салынат) төмөнкүдөй компенсациялык суммалар белгиленсин:
  1. кызматтык же кезметтик автомобиль бекитилип берилген тейлөөчү персоналды кошпогондо, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө;
  2. тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө.
  1.  Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактанууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:
  1. акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 120 сом, балдар сутка бою болгон топтордо - 120 сом;
  2. мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2025-жылдын          1-июлуна чейин:

 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;

 3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;

  1. кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 150 сом;
  2. жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5-7-класстагы балдары үчүн - 22 сом;
  3.  жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучу-балдары үчүн - 22 сом;
  4. жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар окуучу-балдар үчүн - 36 сом;
  5. «Акниет» турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда жана Октябрь районунун № 71 орто мектеп-интернатындагы интернат топторунда жана № 1 интернат-лицей мектебинде - 220 сом;
  6. «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбордо - 120 сом;
  7. жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 120 сом;
  8. Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 200 сом;
  9.  «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде - 200 сом;
  10. белгилүү жашаган жери жок адамдарды тамактандырууга –             70 сом;
  11. мектеп алдындагы лагерлерде катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.
  1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:
  1. «Акниет» турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда - 12,80 сомго чейин;
  2. «Аяр» майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда - 5,00 сомго чейин;
  3. «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 12,50 сом;
  4. белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн - 12,50 сомго чейин.
  1.  2025-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:
  1. «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;
  2. Бишкек шаарынын «Ардагер»  геронтологиялык борборунун кызматкерлеринин 70,0 штаттык бирдигин күтүүгө;
  3. Ленин, Октябрь райондорунун эки кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов районунун № 35 жана № 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдындагы кечки класстарды күтүүгө;
  4. Бишкек шаарынын «SOS – Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгашаларын төлөөгө;
  5. «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашаларын төлөөгө;
  6. Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгашаларын төлөөгө;
  7.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын                        23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары менен каралбаган, ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык 2025-жылдын 1-апрелине чейин 69,5 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;
  8. Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык жана инженердик инфратүзүмдөр, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;
  9. «Кут», «Дача-Су», «Учкун», «Учкун-2» конушунун балдарын Чүй областынын Сокулук районунун «Манас» конушундагы Ат-Башы орто мектебине ташууну уюштурууга;
  10. Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;
  11. балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктар үчүн айына 100 литрден бензин сатып алууга;
  12. райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын  күтүүгө;
  1. Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамак-аш үчүн акы төлөө ата-энелердин төлөмдөрүнүн эсебинен бир бала үчүн 120 сом суммасында кийин атайын эсепте администрациялоо менен белгиленсин.
  2. Кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, аксакалдар сотторунун төрагалары үчүн келишимдик негизде акы төлөө ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык белгиленсин.
  3. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.
  4. «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына контракттык негизде ай сайын стипендия белгиленсин.
  5. «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин машыктыруучуларына контракттык негизде ай сайын эмгек акы белгиленсин.
  6. «Алга-Бишкек» футбол клубу» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Мобилизациялык резервинин материалдарын сактоо кызматынын жана «Алга» Бишкек спорттук борбору»  муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5, 51, 52-тиркемелерине ылайык белгиленсин.
  7. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу «Алтын-Булак» пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 6,61-тиркемелерине ылайык белгиленсин.
  8. 2025-2027-жылдарга Бишкек шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү ушул токтомдун                               7-тиркемесине ылайык жактырылсын.
  9.  Администрациялык райондордун эсептериндеги жылдын башына карата бөлүштүрүлбөгөн жергиликтүү бюджеттик каражаттардын калдыгы шаардык бюджетке топтоштурулсун.
  10. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) мэрдин биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек финансылык башкармалыгынын начальниги 2025-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен билим берүү кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн тиешелүү трансферттерди жана калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыгуучу жабылбаган чыгашаларды финансылык камсыздоо (ордун толтуруу) максатында калк үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу жана бөлүштүрүүчү жылуулук менен жабдуучу ишканаларга субсидияларды бөлүп берүү маселелерин иштеп чыксын;

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө функцияларын жүзөгө ашыруу жана алардын аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо маселелери боюнча иш жүргүзсүн жана 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө сунуш киргизсин;
  2. 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бишкек шаарынын билим берүү тармагындагы чыгымдарды каржылоону жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине өткөрүп берүү маселеси боюнча ишти жүргүзсүн;
  3. «Бишкек шаарынын SOS - Герман Гмайнер окуу-тарбиялык комплекси» мекемесинин жана Бишкек шаарынын SOS - Балдар айылынын бала бакчасынын чыгымдарын каржылоону өткөрүп берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен иш алып барсын;
  4. 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен № 1 жана № 71 интернат тибиндеги эки мектепти республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү тууралуу маселе боюнча иш жүргүзсүн;
  5. 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын “Үмүт үйү” улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык мекемеси” муниципалдык мекемесин республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү же уюштуруу документтерине мекемеге бир гана Бишкек шаарынын тургундарын кабыл алуу тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карасын;
  6.  «Жеңиш» ОРБӨСМ үчүн жайларды берүү жөнүндө маселени карап чыксын;
  7.  Оор атлетика боюнча ОРБӨСМга 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин ысымын берүү маселесин карасын;
  8. анализ жүргүзсүн жана өзүн-өзү актоочулукка, кирешелүүлүккө жана Бишкек шаарынын бюджетин толтурууга багытталган Бишкек шаарынын мэриясынын муниицпалдык ишканаларынын чарба жүргүзүү ишин мындан ары өнүктүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушту Бишкек шаардык кенешинин кароосуна киргизсин;
  9. калк үчүн жылуулук энергияны коё берүү жана ысык суу менен камсыздоо боюнча, коммерциялык субъекттер тарабынан суу менен жабдууну пайдалануу боюнча эсептөө приборлорун орнотууну тездетсин жана аяктасын;
  10. салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча киреше бөлүктүн аткарылышы үчүн Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына, мэрдин тейлеген орун басарларына, райондук МСКБнын, ИСТКБнын жетекчилерине жана Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчыларына, Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменттин, тийиштүү башкармалыктардын жана муниципалдык ишканалардын начальниктерине жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  11. капиталдык салымдарга жана ремонтко каралган өздөштүрүлбөгөн каражаттар үчүн Бишкек шаарынын мэринин тейлеген орун басарына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  12. муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана шаардыктарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн, Бишкек шаарын көрктөндүрүү элементтерин күтүү максатында, кыска мөөнөттө муниципалдык ишканалардын түзүмдөрүн мындан ары оптимизациялоо менен муниципалдык заказ тууралуу жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
  13. конуштарды жана административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактарды камтууну кеңейтүү менен муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк программасынын планын кайра карап чыксын;
  14.  2025-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө шаардын муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
  15. шаардын бюджетин аткаруу процессинде коомдук угууларда айтылган жана сунушталган шаардын тургундарынын кайрылууларына өзгөчө көнүл бурсун;
  16. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси тарабынан белгиленген тартипте 2026 - жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун макулдашууга киргизсин;
  17. ушул токтом бекитилгенден кийин 15 күндүн ичинде, расмий сайтка жайгаштырсын;
  18. Бишкек шаарынын мэриясына комиссиянын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу жана кыска мөөнөттөрдө алардын аткарылышы боюнча бардык тийиштүү чараларды жүзөгө ашыруу тапшырылсын.
  1.  Бишкек шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 48-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамынын                 18-беренесине ылайык жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  4.  Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                              Б. Усеналиев

 

Тиркеме  (xlsx.170kb)