Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

07.03.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 4-март № 118

Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин    2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө” Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын  7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”  токтомун ишке ашыруу максатында,  Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын курамына төмөнкү кошулуу жактырылсын:

Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү - Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактарын жана  Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак калктуу конушун жана № 544, № 545, № 552 контурларын, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык калктуу конушун,  Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылын, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар, Нуркожо-Ата, Адилет калктуу конуштарын;

Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактарын, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контурун.

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

1) Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районунун аймагына Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары кирет;

2) Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы;

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы;

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак конушу жана № 544, № 545, № 552 контурлары;

3) Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары;

Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу;

Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру;

4) Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары;

Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана Ак-Жар, Нуркожо-Ата жана Адилет конуштары.

3. Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү коомдоштуктун ой-пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” жобосуна  ылайык Бишкек шаарынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К. Конгантиев