Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

19.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 27-декабрь № 101

Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,  «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелүүчү макулдашуу жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

  макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылуусуна контролду камсыздасын;

 Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында видеобайкоо камераларын жайгаштыруу точкаларын аныктасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                        К. Конгантиев

 

Тиркеме (docx. 24kb)