Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 9-ноябрь № 57

 

Бишкек шаарындагы гүл бакчага «Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук сейил багы» аталышын берүү жөнүндө

 

Шаардыктардын жана борбордун меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө»   жана  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын  Элчилигинин 2022-жылдын    21-июнундагы № KKG-198/22-А нотасын, Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын  2022-жылдын 29-июлундагы № 3 протоколун эске алып,  Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркелген чиймеге ылайык, Бишкек шарынын Байтик Баатыр – Иса Ахунбаев – Касымалы Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүл бакчага «Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук сейил багы» аталышы берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев