Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 9-ноябрь № 58

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1..Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

 

2..Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жер участокторун ижаралоонун бардык келишимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                       К. Конгантиев

 

Тиркеме (docx. 53kb)