Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 46

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын
6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык прокуратурасынын сунуштамасына (2019-жылдын 5-июлундагы чыгыш №11/0-0-73-19) ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациялык тармактарды жана курулмаларды өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун аталышындагы “техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди” деген сөздөр “техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдөрдү” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

токтомдун киришмесиндеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын                           10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине” деген сөздөр жана сандык маанилер алынып салынсын;

         1-пункттун 2-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

         “2) Салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн азайтылган коэффициент менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын тармактарына техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык”;

         5-пункттун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

         “Келишимде долбоорлонгон инженердик тармактарга технологиялык кошуу үчүн этап боюнча төлөө мүмкүнчүлүгү тараптардын макулдашуусу боюнча каралсын”;

         5-пункттун 6-пунктчасындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошулууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

“7) финансылык институттар менен макулдашуу боюнча “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо” долбоорун ишке ашырууда үнөмдөлгөн каражаттарды (гранттык жана кредиттик) тапшырыкчы болуп чыккан Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана бөлүштүрүү тармактарынын курулушуна багыттасын.”;

7-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсеби бир кишиге жалпы турак жай аянтынын (балкондору, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо) 20 чарчы метрден көп эмес ченемине  жана ысык суунун батир боюнча (үй боюнча) бир кишиге даярдалышын эсепке алуу менен бир киши тарабынан муздак сууну керектөө ченемине жараша жүргүзүлөт:

         225 л/суткасына – жеке турак үйлөр үчүн;

300 л/суткасына – бийиктиги 12 кабатка чейинки турак үйлөр үчүн;

400 л/суткасына – бийиктиги 12 кабат жана андан бийик турак үйлөр үчүн”;

7-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Турак үйдө долбоорлонуучу турак эмес жайлар (турак үйдүн турак эмес жайлары, коммерциялык жана коммерциялык эмес түзүмдөр), ошондой эле туруктуу жашоо үчүн пайдаланылбаган ар кандай функционалдык багыттагы өзүнчө турган объекттер үчүн суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн ченемдери курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жоболоруна жараша колдонулат”;

2) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын  Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына жана долбоорлоо, курулуш жана кыймылсыз объекттердин башка өзгөрүүлөрү, ошондой эле курулуш аяктаган объекттерди эксплуатациялоого киргизилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.”;

алтынчы абзацтан кийин 4-пункт төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “турак жайдын жалпы аянты – балкондордон, лоджиялардан, верандалардан жана террасалардан тышкары, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы”;

13-пункттагы “бекитилген тарифтерге ылайык” деген сөздөр “белгиленген өлчөмдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

IV бөлүмдүн аталышындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“15. Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген төлөмдүн өлчөмдөрүнө ылайык акы төлөө негизде жүргүзүлөт.

Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн наркты эсептөө ушул жобонун VI бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт”;

16-пункттагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” сөздөрү менен алмаштырылсын;

17-пунктта:

биринчи абзацтагы  “- кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“г)” пунктчадагы “кошулууга уруксаттын жалпы наркы” деген сөздөр “технологиялык кошуу үчүн жалпы нарк” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

18-пунктта:

биринчи сүйлөмдөгү “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи сүйлөмдөгү “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

19-пунктта “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

20-пунктта:

биринчи абзацтагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“Келишимде куруучунун арызы жана тараптардын макулдашуусу боюнча төлөмдөр үч этапта узартып төлөө менен жүргүзүлөт:

баштапкы төлөм, техникалык шарттарды алууда тапшырыкчы төлөй турган, төлөөгө коюлган сумманын 30 % (пайызынан) кем эмесин түзүшү керек;

40% өлчөмүндөгү экинчи төлөмдү куруучу объектти куруп жаткан мезгилде суу түтүк жана канализация тармактарына убактылуу кошулууну жол-жоболоштурганга чейин төлөйт;

30% өлчөмүндөгү үчүнчү төлөм – ылайык келүү актысын жол-жоболоштуруу жана объектти эксплуатацияга берүү үчүн суу түтүк жана канализациянын курулган тармактарына маалым кат - тастыктаманы жол-жоболоштурууда алынат.

Экинчи жана үчүнчү төлөмдөр тапшырыкчынын арызы жана тараптардын макулдашуусу боюнча ай сайын белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.

Келишимде төлөмдөрдүн мөөнөттөрү бузулган учурда, карызды толук жапканга чейин, объект суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү тармактарынан өчүрүлөөрү көрсөтүлөт”.

21-пунктта:

“толук көлөмдө” деген сөздөр “келишимге ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Акыркы төлөмдүн төлөө мөөнөтү бузулган учурда Бишкексууканал мурда берилген техникалык шарттарды чакыртып алат жана белгиленген тартипте келишимди бузат.

Долбоорлоо, курулуш процессинде же объектти эксплуатацияга берүүдө  суу менен жабдуу жана/же суу бөлүштүрүү боюнча жүктөмдөрдүн айырмачылыктары табылган учурда, ошондой эле келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн чакыртып алынган техникалык шарттарды кайталап берүүдө Бишкексууканал “Бишкекбашкыархитектура” ММсынын суроо-талабы боюнча жаңы техникалык шарттарды жол-жоболоштурат жана ушул токтом менен белгиленген тартипте келишимдин тийиштүү долбоорун даярдайт.        Технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн эсеби жана төлөмдөр мурда жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт”;

24-пункттун экинчи абзацындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

25-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“Түштүк зонанын аймагынын чектериндеги калкты ичүүчү суу менен жабдуу үчүн жергиликтүү суутоптомолорду бургуулоого жана курууга тыюу салынат.

Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүүсүнүн борборлоштурулган тутумуна объекттерди технологиялык кошуу канализациянын борборлоштурулган тутумуна агынды сууларды агызган шартта гана жүргүзүлөт. Жергиликтүү тазалоо курулмаларын жана чуңкурларды курууга жана пайдаланууга тыюу салынат.

Шаардын суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү тутумдарына объекттин курулган суу түтүк жана канализация тармактарын, курулмаларын кошууну Бишкексууканалдын өкүлүнүн техникалык байкоосунун астында же Бишкексууканал менен келишим боюнча тапшырыкчы (курулуш уюму, куруучу) аткарат”;

26-пунктта:

биринчи абзац “арыз ээси” деген сөздөрдөн кийин “туруктуу негизде” деген сөздөр  менен толукталсын”;

б) пунктчасында “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) пунктчасында “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

27-пункт алынып салынсын;

VI бөлүмдүн аталышындагы “кошулууга уруксат” деген сөздөр “технологиялык кошуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

29-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

“29. Инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн эсеби Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген төлөмдүн өлчөмүнө ылайык, төмөнкү формула боюнча Бишкексууканал тарабынан жүргүзүлөт:

С = Т.ө х К, мында:

С – инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн куруучу тарабынан төлөнө турган сумма (сом), келишимдин колдонуу мөөнөтүнө, анын ичинде этап боюнча төлөөдө белгиленген болуп саналат;

Т.ө (Төлөмдүн өлчөмү) – инженердик тармактарга технологиялык кошулуу үчүн Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген суралган кубаттуулуктун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмү (суткасына 1м3 үчүн сом);

К (Кубаттуулук) – суу менен жабдуу (суу түтүк) жана сууну бөлүштүрүү (канализация) (м3/суткасына) боюнча суралган жүктөмдүн кубаттуулугу.

2. Жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:

“Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализация тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошуу үчүн төлөмдүн өлчөмү ”;

1) пункттагы “берүү үчүн” деген сөздөр “берүү үчүн төмөнкү төлөм белгиленсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын:

1) пункттагы, таблицанын үчүнчү тилкесинин биринчи сабындагы “Тариф” деген сөз “Төлөм” деген сөзгө алмаштырылсын.

2) пунктта:

“кошуу үчүн уруксатка” деген сөздөр “технологиялык кошулуу үчүн төмөнкү төлөм өлчөмдөрү белгиленсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

таблицанын төртүнчү тилкесинин биринчи сабындагы “Тариф” деген сөз “Төлөмдүн өлчөмү” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Мурда берилген техникалык шарттар боюнча жүктөмдөр өзгөртүлгөн учурда, Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализация тармактарына курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошуу үчүн төлөмдү кайра эсептөө белгиленген тартипте жаңы техникалык шарттар берилет жана тийиштүү келишимдер түзүлөт.

4. Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкекбашкыархитектура” ММсы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Бишкек шаарынын түштүк пландоо зонасынын деталдуу пландоо долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом расмий жаряланган күндөн тартып он беш  күндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча, турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, Бишкек шаарынын транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрине жана Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                   К. К. Конгантиев