Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2022-ж. 5-апрель

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 022 517,2 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

-  9 647 591,7 миң сом - шаардык бюджет;

- 1 426 264,5 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

- 1 343 945,0 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

- 1 262 475,5 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

- 1 342 240,5 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. 2023-2024-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

2023-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол- 13 094 494,0 миң сом суммада, 2024-жылга – 13 158 148,4 миң сом суммада.

2023-2024-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда тактоого жатат.

3. 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2023-2024-жылдарга болжолу ушул токтомдун 1, 1¹, 1²,                                 1³-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2023-2024-жылдарга болжолду каржылоого каражаттар ушул токтомдун          2 жана 2²-тиркемелерине ылайык карала тургандыгы;

2) 2022-жылга карата чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон статьяларына каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;

3) 2021-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы.

5. 2022-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 10000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 6000,0 миң сом жана райондук бюджет боюнча 1000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

6. 2022-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченемдери бекитилсин:

1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча, чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

- Ленин администрациялык районуна– 57,4 %;

- Октябрь администрациялык районуна– 52,0 %;

- Биринчи май администрациялык районуна–29,8%;

- Свердлов администрациялык районуна– 51 %;

2) роялти боюнча администрациялык райондорго – 50,0%;

3) чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча – 100% администрациялык райондорго;

4) башка төлөмдөр, салыктар жана жыйымдар боюнча, калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө жана мүлк ижарасы үчүн, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер боюнча, алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр жана айыл чарбасына жараксыз башка жерлерди сатуу – 100% шаардык бюджетке;

5) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча тийиштүү администрациялык райондордун бюджетине 100% багытталсын.

7. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

8. Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

9. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча аткарылышы мүмкүн.

10. 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

2) балдар музыкалык мектептеринин жаш адистерине 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;

3) карылар үйүнүн, Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер департаментинин үйлөмө аспап, симфониялык оркестринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин, «Акак» комузчулар ансамблинин жана “Барчын” капелласынын кызматкерлеринин, китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык районунун Чоң-Арык айылынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;

6) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер департаментинин борборлоштурулган бухгалтериясынын кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;

7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

- мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине - 1000 сомдон;

- материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине - 2000 сомдон;

-шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлерине -   1 кызматкерге 4000 сом эсебинде, көрсөтүлгөн органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына - 1 кызматкерге 6000 сом эсебинде;

- жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине - 1 кызматкерге 3000 сом эсебинде;

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

- администрациялык райондордун жетекчилерине - 1000 сомдон;

- муниципалдык администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, аппараттын, райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтериясынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын (мындан ары - МСКБ) начальниктеринин орун басарларына - 1 кызматкерге 3000 сом эсебинде, көрсөтүлгөн органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына – 1 кызматкерге 5000 сом эсебинде;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учёттук персоналдарынын айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;

10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер боюнча уюмдардын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;

11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

- дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон ашык эмес суммада;

- кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон ашык эмес суммада;

- Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына бир ставкага 2500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2500 сомдон ашык эмес суммада;

- тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана дарыгер-педиатрларына, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго бир ставкага 4000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 4000 сомдон ашык эмес суммада;

- Бишкек шаарынын биринчи медициналык-санитардык жардам кызматынын калкты аралаш кабыл алууну жүргүзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлерине бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2000 сомдон ашык эмес суммада;

12) Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

13) тез медицина автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге ай сайын 2000 сомдон ашык эмес үстөк акы.

14) Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгынын кызматкерлерине, бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына кызматтык маянасына ай сайын эки айлык маяна өлчөмүндө үстөк акы;

 - шаардык маанидеги түзүмдүк бөлүмдөрдүн, Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук билим берүү борборлорунун аппаратынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлерине, көрсөтүлгөн органдардардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер департаментинин жана  райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына ай сайын бир айлык кызматтык маяна өлчөмүндө үстөк акы.

11. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

- 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;

- 3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;

2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 120 сом, балдар сутка бою болгон топтордо - 120 сом;

3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 150 сом;

4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5 - 7-класстагы балдары үчүн - 22 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1 - 4-класстардын балдары үчүн - 22 сом;

6) жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 36 сом;

7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда жана Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 220 сом;

8) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 120 сом;

9) жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 120 сом;

10) «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунда –    200 сом»;

11 ««Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде - 70 сом;

12) белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 70 сом;

13) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.

12. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө дары-дармектерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:

1) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда 12,80 сомго чейин;

2) шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 5,00 сомго чейин;

3) «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунда - 12,50 сом;

4) белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин.

13. 2022-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:

1) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бирден ставкасын күтүүгө;

2) Бишкек шаарынын тез медицина борборунун «Медициналык кызматкердин депозити» Программасын ишке ашырууга 40 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;

3) «Бишкек шаарынын дарыгер-педиатрынын депозити» Программасын ишке ашырууга Бишкек шаарынын конуштарында жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында балдарды дарылоо-алдын ала жардам көрсөтүүчү дарыгерлери үчүн үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир дарыгерге айына 5000 сом эсебинде;

4) Биринчи май районунун «Коломто» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

5) «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

6) «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун 70,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

7) Ленин, Октябрь администрациялык райондорунун 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун № 35 жана № 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдындагы кечки класстарды күтүүгө;

8) «Бишкек шаарынын SOS – Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгашаларын төлөөгө;

9) «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин чыгашаларын төлөөгө;

10) Бишкек шаарынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгашаларын төлөөгө;

11) Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары менен каралбаган, 3-тиркемеге ылайык 613,75 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

13) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык жана инженердик инфратүзүмдөр, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

14) «Мурас-Ордо» конушунун балдарын Чүй областынын Аламүдүн районунун Степное айылынын «Келечек» мектебине ташууну уюштурууга;

15) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

16) Октябрь администрациялык районунун № 34 адистештирилген көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

17) карыздарды жоюуга жана милдеттенмелерди аткарууга шаардык бюджеттен администрациялык райондорго өткөрүлүп берилүүчү каражаттар боюнча;

18) балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктар үчүн айына 100 литрден бензин сатып алууга;

19) райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;

20) райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

21) зыяндуу жумуш шарты менен иш үчүн айлык акыга карата 25% өлчөмүндө үстөк акы төлөөгө;

22) Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчыларына квартал сайын сыйлык акы төлөөгө;

23) Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген жобого ылайык, 135 000,0 миң сом суммада калктын жашоо-турмушун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган жарандык демилгелерди ишке ашырууга;

24) Бишкек шаарында калкты жана турак жай фондусун каттоо жүргүзүүгө.

25) Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу изоляторунун (УКИ) кабыл алып бөлүштүрүүчү жайын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө.

14. Кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин, аксакалдар сотторунун төрагаларына келишимдик негизде ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык акы төлөө белгиленсин.

15. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

16. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына контракттык негизде ай сайын стипендия белгиленсин.

17. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин машыктыруучуларына контракттык негизде ай сайын айлык акы белгиленсин.

18. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык белгиленсин.

19. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер департаментине караштуу “Алтын-Булак” пансионаты” муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Ардагер» Бишкек шаарынын геронтологиялык борборунун кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 6, 6¹, 6²-тиркемелерине ылайык белгиленсин.

20. Жалпы билим берүү уюмдарындагы аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерине айына 6000 сом өлчөмүндө кызматтык маяна белгиленсин.

21. 2022-2024-жылдарга Бишкек шаарынын программалык бюджети ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык жактырылсын.

22. Ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык 2021-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен чыгашаларды  багыттого уруксат берилсин.

23. Ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгымдарынын багыты бекитилсин.

24. Бишкек шаарынын мэриясы:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Бишкекжылуулукэнерго” КИси жана Бишкек ЭЭЗнын ведомстволук отканасы боюнча жылуулук жана ысык суу менен жабдуу муктаждыгына калкка берилүүчү жылуулук энергияга тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыгында пайда болуучу чыгымдарды компенсациялоо тууралуу маселени иштеп чыксын. 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин.
  2. дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен Бишкек шаарынын аймагындагы кесиптик спорттук мекемелерди жана уюмдарды каржылоо жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чектөө тууралуу маселе боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн жана 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө тийиштүү сунуштарды киргизсин;
  3. анализ жүргүзсүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, жаштар, спорт жана туризм департаментине караштуу 96 спорт инструкторду күтүүнүн натыйжалуулугу тууралуу маселени карап чыксын жана сунуш киргизсин;
  4. теннис, спорттун параолимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча БӨОРСМ үчүн жайларды берүү тууралуу маселени карап чыксын;
  5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысын жергиликтүү бюджеттен КРнын республикалык бюджетине өткөрүп берүү тууралуу маселе боюнча ишти жүргүзсүн;
  6. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен №1 жана №71 2 интернат тибиндеги мектептерди республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү тууралуу маселе боюнча иш жүргүзсүн жана 2022-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө тийиштүү сунуш киргизсин;
  7. 2022-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө тийиштүү райондук билим берүү борборлорунун бирдиктүү тутумуна №29, 61, 70, 6, 1 өз алдынча мектептердин жана №162 бала бакчанын бухгалтерияларын бириктирүү кошуу жолу менен Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бухгалтердик эсебин уюштуруунун бирдиктүү форматын камсыздасын;
  8. МСКнын МСКБ жана Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын караштуу кызматкерлерди жана жергиликтүү салыктар жана чогултуулар боюнча бөлүмдөрдү күтүү тууралуу маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирсин жана 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө тийиштүү сунуш киргизсин, анын ичинде жергиликтүү салыктарды жана чогултууларды башкаруу маселелери менен алектенген муниципалдык түзүмдү түзүү тууралуу маселени иштеп чыксын;
  9. Райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишин, алардын укуктук жана экономикалык негизин ар тараптуу талдоо жүргүзсун жана 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө аларды оптималдаштыруу боюнча тийиштүү сунуш киргизсин;
  10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы, “БТБ” жана “Бишкексууканал” ӨЭБсы үчүн электр энергия төлөөгө жеңилдетилген тариф белгилөө тууралуу маселени иштеп чыксын, иштин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 1-июнунуна чейинки мөөнөттө маалымат берсин;
  11. анализ жүргүзсүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын өзүн-өзүн актоочулукка, кирешелүүлүккө жана жергиликтүү бюджетин толтурууга жетишүүгө багытталган чарба жүргүзүү ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мындан ары өнүктүрүү боюнча сунушту Бишкек шаардык кенешинин кароосуна киргизсин;
  12. “Бишкекшаарлифт” МИси боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин чыгымды актоосун талдап чыксын жана сунуш киргизсин;
  13. калк үчүн жылуулук энергияны коё берүү, ысык суу менен камсыздоо жана коммерциялык объекттер үчүн суу менен жабдуу боюнча эсептөө приборлорун орнотууну тездетсин жана аяктасын;
  14. 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаары боюнча коомдук транспортту мындан ары өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;
  15. 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаары боюнча сейилбактарды жана гүлбакчаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;
  16. 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлкүнүн бирдиктүү реестрин түзүүнү аяктасын;
  17. 2022-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө окуу процессин уюштуруу үчүн №53 мектептин пайдалануусундагы Свердлов РБББсынын жайларын өткөрүп берүү тууралуу маселени карап чыксын;
  18. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, тейлеген вице-мэрлерине, райондук МСКБнын, Бишкек шаары жана Түндүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармасынын жетекчилерине жана Бишкек шаарынын администрациялык район башчыларына, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, тийиштүү башкармалыктардын жана муниципалдык ишканалардын начальниктерине, салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча киреше бөлүктүн аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  19. Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жана  түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине капиталдык салымдарга жана ремонтко каралган өздөштүрүлбөгөн каражаттар үчүн жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
  20. 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын аймагындагы сейилбактардын жана гүлбакчалардын укук белгилөөчү документтерин жол-жоболоштуруу боюнча ишти аяктасын;
  21. жеке колдорго аларды өткөрүп берүүгө жол бербөө максатында “БТБ” МИсинин троллейбустарынын буруулусу үчүн белгиленген муниципалдык жер участоктордун сакталышын камсыздасын;
  22. “Алтын-Булак пансионаты” муниципалдык мекемеси боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча талдап чыксын жана сунуш киргизсин;
  23. 2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө “Тазалык” МИси боюнча абоненттик базаны көбөйтүү боюнча чара көрсүн;
  24. райондук балдар чыгармачылык борборлорундагы атайын эсепке ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү эсептин толуктугунун аудитин жүргүзсүн;
  25. социалдык объекттердин капиталдык курулушунун жана шаардык жолдордун капиталдык ремонтунун титулдук тизмесин бекитүүдө, биринчи кезекте мурда башталган жана 2020-2021-жылдары аяктабай калган объекттерди киргизсин;
  26. тротуарларды ремонттоо боюнча сынактардын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттарды жолдорду ремонттоого багыттасын;
  27. муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана шаардыктарга кызматтарды сапаттуу көрсөтүү үчүн, Бишкек шаарын көрктөндүрүү элементтерин күтүү максатында, кыска мөөнөттө муниципалдык ишканалардын түзүмдөрүн мындан ары оптималдаштыруу менен муниципалдык заказ тууралуу жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
  28. тийиштүү мамлекеттик органдардын корутундусун берүү менен, мезгилдин кышкы шарттарында Бишкек шаарынын жолдоруна инерттүү материалдарды (түзду) пайдалануунун мыйзамдуулугун берсин;
  29. КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы №423 “Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө” токтому менен белгиленген 2,9% өлчөмүндөгү заказчы-курулушчунун функцияларын күтүүгө чыгаша ченемдерин республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосунда бөлүштүрсүн;
  30. Учурдагы КР мыйзамдарына жана мыйзам алдындагы актыларына ылайык көп кабаттуу турак үйлөрдүн объекттерге жана мурда курулуп эксплуатацияга берилген башка коммерциялык капиталдык курулмаларга ошол жер участокторду сатып алууну каалагандарга мумкүнчүлүк берүү маселесин карап чыксын;
  31. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт департаменти линиясы боюнча автобустарды сатып алууга чыгымдарды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышы менен байланыштырсын;
  32. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси тарабынан белгиленген тартипте алдыдагы жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун макулдашууга киргизсин;
  33. ушул токтом бекитилгенден кийин 15 күндүн ичинде өзүнүн расмий сайтына жайгаштырсын.

25. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ыйлайык Бишкек шаарынын мэри жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.

26. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         27. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

         28. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

Тиркемелер:

2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетине бардык тиркемелер (xlxs. 157 Кб)

- 7-тиркеме, бардык тиркемелерге толуктоо (xlxs. 31 Кб)