Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 5  апрель № 20

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин, Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан Сарылдык уулу Илгиз - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү жана Дуйшекеева Элнура Качкыновна - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан Ашанбаева Омуркан Бактыбековна - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү жана Чеченова Мадина Жамаловна – “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

регламент, этика, укуктук маселелер жана
укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга Усубалиев Таалайбек Болотбекович – “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;

экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга Дуйшекеева Элнура Качкыновна - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга Ашанбаева Омуркан Бактыбековна - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү жана Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна -  “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун 6-сабындагы “Усубалиев Таалайбек Болотбекович” деген сөздөр толукталсын;

2-пункттун 8-сабындагы “Сарылдык уулу Илгиз” деген сөздөр “Дуйшекеева Элнура Качкыновна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттун 7-сабы алынып салынсын;

3-пукттун 3-сабындагы “Бактыбеков Алымбек Бактыбекович” деген сөздөр “Ашанбаева Омуркан Бактыбековна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6-пукттун 2-сабындагы “Ашанбаева Омуркан Бактыбековна” деген сөздөр “Бактыбеков Алымбек Бактыбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пукттун 6-сабындагы “Чеченова Мадина Жамаловна” деген сөздөр “Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев