Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 13

ТОКТОМУ


Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 177 «2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пункттагы «10 230 993,6», «5 255 794,1», «1 328 086,4», «1 279 577,1», «1 130 532,5», «1 237 003,5» деген цифралар тийиштүү «10 237 997,9», «5 410 859,4», «1 294 219,8», «1 229 131,1», «1 109 317,4», «1 194 470,2» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 12-пункттагы:

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

«3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинин  кызматкерлеринин айлык акысына - 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы»;

7-пунктчасындагы «жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга» деген сөздөр алып салынсын;

3) 13-пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

««Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде» - 35 сом;

Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 100 сом»;

4) 14- пункт төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:

««Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесинде, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунда - 12,50 сом.»;

5) 15-пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:

 «балдардын күндүзү болуусу менен адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бир тайпага эсебинде тарбиячылардын 2,0 ставкасын күтүүгө;

балдардын күндүзү болуусу менен адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бир тайпага эсебинде тарбиячылардын жардамчыларынын 1,5 ставкасын күтүүгө;

«Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборун күтүүгө»;

6) 16-пунктта жана 4-тиркемеде «үй комитеттеринин» деген сөздөрдөн кийин «турак жай ээлеринин шериктиктери» деген сөздөр кошулсун;

7) 21-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«21. 6, 6-1, 6-2-тиркемелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу «Алтын-Булак пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.»;

8) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

10) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 6-2- тиркеме менен толукталсын;

11) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

12) 24-пункттагы «209 229,0» деген цифра «260 921,3» деген цифрага алмаштырылсын;

13) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                       К. Конгантиев

Тиркеме:

- 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү (xlxs. 295 Кб)