Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 9

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаровдун Бишкек шаарынын мэриясына берген 2020-жылдын 11-ноябрындагы № Ж-2129 тапшырмасын аткаруу үчүн акысыз негизде жеке жактардын менчигине берүү жолу менен муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууга жол берген өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №88154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-     1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуянын жүрүшүндө каза болгондун үй-бүлөсүнө».

2.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                     К. Конгантиев