Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 7

ТОКТОМУ

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 16 –февралындагы № 1 протоколунун жана Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жыл үчүн "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Бишкек шаарынын Ардактуу ардагери, Бишкек шаардык согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин Кеңешинин жана президиумунун мүчөсү - Калбубу Менсеитовага;

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, персоналдык пенсионер, Бишкек шаарынын ЭЭАсынын субъекттерин контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басары - Эркинбек Бабашович Айдаровго;

Эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, КММАнын С. Б. Данияров атындагы ПИПКнын неврология, нейрохирургия жана психиатрия кафедрасынын башчысы - Суйутбек Доолотович Назаркуловго;

Эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, № 68 окуу -тарбия комплексинин гимназия мектебинин директору - Канымжан Жусупбековна Омуровага;

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү, шаар куруучусу, окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты - Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековго;

Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери, муниципалдык кызматтын отличниги, Кыргыз Республикасынын социалдык коргоонун отличниги, Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты - Кудайберген Базарбаевич Базарбаевге.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2020-жылы бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев