Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык,  Бишкек шаарындагы жер участокторго укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптимизациялоо жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары  - Жобо);

2-тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу типтүү келишими.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

ижарачылар тарабынан көп батирлүү үйлөр  турган жер участокторду (жер участокторду пайдалануу мөөнөттөрү аяктаганга чейин же аяктагандан кийин) сатып алуу боюнча ишти уюштурсун;

жобого ылайык сатылып алынуучу жер участокторду баалоону жүргүзсүн;

Бишкек шаарындагы жер участокторду  сатып алуудан түшкөн каражаттардан ушул токтомдун аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды төлөөнү жүргүзсүн;

бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                     Ж. Б. Абиров