Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына  ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – жобо);

2-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокту ижаралоонун типтүү келишиминин формасы;

3-тиркемеге ылайык, шаар куруу корутундусунун формасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежесин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелери белгиленген тартипте бекитилгенден жана күчүнө киргенден  кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт, муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                    Ж. Б. Абиров