Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – жобо);

2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;

3-тиркемеге ылайык, шаар куруу корутундусу.

2. Ушул токтом Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелери белгиленген тартипте бекитилгенден жана күчүнө киргенден  кийин күчүнө кирет.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;

алты айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2011-жылдын 20-декабрындагы № 288  «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө»;

2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 «Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын жоболорун бекитүү жөнүндө»;

2013-жылдын 19-ноябрындагы №55 “Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабры №288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна,  2011-жылдын 20-декабры № 288 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2016-жылдын 30-ноябрындагы №193 “Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”;

2018-жылдын 5-апрелиндеги №62 “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1- жана 2-пункттары.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                 Ж. Б. Абиров