Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117- беренесинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди,  активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8 345 321,0 миң сом суммада, чыгашалар боюнча 7 910 394,1 миң сом суммада, чыгашалардан кирешелердин 434 926,9 миң сом  суммада ашуусу менен бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жана Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                      Ж. Б. Абиров