Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2018 - жылдын  19 - мартындагы № 58  «2018 - жылга Бишкек  шаарынын  бюджетин бекитүү жана 2019 – 2020 - жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1 - пунктундагы «8 550 273,2», «4 956 356,9», «925 210,1», «892 839,7», «856 587,6», «919 278,9» деген цифралар тийиштүү «8 065 457,7», «4 446 106,8», «933 053,2», «900 350,0»,  «860 523,9», «925 423,8» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2)  «Бишкек шаарынын  2018 - жылга  бюджетинин киреше бөлүгү» 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4, 1-5 тиркемелери  ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4, 1-5 тиркемелерине  ылайык редакцияда берилсин;

3) «Бишкек шаарынын 2018 - жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү» 2, 2-1 тиркемелери ушул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3 - тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. 14 - пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 14) кичи пункт менен толукталсын:

«14) зыяндуу  эмгек  шарты менен иш үчүн маянага 25 пайыз өлчөмдөгү ай сайын кошумча акылар».

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н. А. Кулматовага жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров 

- бардык тиркемелер (xlxs. 218Кб)